ЗООХОРИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗООХО́РИЯ (зоо... ж-а гр. сhōrtō – алга барам, таралам) – өсүмдүк уругунун ж-а мөмөсүнүн жаныбарлар аркылуу таралышы. З. эпизоохорлор, эндозоохорлор ж-а синзоохорлор болуп үчкө бөлүнөт. Э п и з о о х о р л о р уругундагы, мөмөсүндөгү илгичтери же илээшкек заттарынын жардамы м-н жаныбар терисине, жүнүнө жабышып таралат. Э н д о з о о х о р л о р жаныбарлар ширелүү, эттүү мөмө-жемиштерди жегенде, уругу азык сиңирүү жолунда сакталып, башка жерге түшөт. С и н з о о х о р л о р жаныбар урукту, мөмөнү кышка камдоо үчүн башка жакка ташыганда урук таралат.