ЗОРГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗО́РГЕ Рихард [22. 9(4.10) 1895, Баку – 7. 11. 1944, Токио] – сов. аскер чалгынчысы, журна­лист, Сов. Союз. Баатыры (1964, өлгөндөн ки­йин). Атасы немис, энеси орус болгон.

1898-ж. З-нин үй-бүлөсү Россиядан Германияга кайткан. 1-дүй­нөлүк согушка катышкан. (1914–16). Үч жолу жарадар болуп, Темир крест м-н сый­ланган. 1916-ж. жарадар бо­луп, госпиталда жаткан ке­зинде солчул социалисттер м-н жакындашкан. 1917– 19-ж. Көз карандысыз со­циал-демокр. партиянын, 1919-жылдан Германия ком­партиясынын мүчөсү. Берлин ун-тин бүтүрүп (1919), ал жерде окутуучу ж-а журналист болуп иштеген, мамл.-укук илимд. доктору. Вуппер­таль ж-а Франкфурт-на-Майнеде пропагандист, Золинген ш-нда парт. газетаны редакторлогон. 1924-ж. СССРге келип, сов. жарандыкты алган, мамл. мекемелерде иштеген. 1929-жылдан Жу­мушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын чалгындоо башкармалыгына кызматка өткөн. 1930–32-ж. Кытайда иштеген. 30–40-ж. Германия, Япония ж. б. өлкөлөрдө немис журналисти катары жүрүп, СССР үчүн эң баалуу маалыматтарды билдирип турган. 1941-ж. май айында фашист­тик Германия СССРге каршы канча дивизия да­ярдаганын ж-а кайсы күнү кол саларын, пла­нынын схемасын билдирген. 1941-ж. 18-октябр­да япония полициясы кармап, 1943-ж. сентябр­да өлүм жазасына өкүм кылынган, 1944-ж. То­кионун «Сугамо» түрмөсүндө асып өлтүрүлгөн. Сөөгү Токиодогу Тама мүрзөсүнө коюлган.


Ад.: Колесникова М., Колесников М. Жизнь и бессмертие Р. Зорге. М., 1985; Георгиев Ю. В. Р. Зорге: исследователь, разведчик, геополитик. М., 2002.