ЗОРДУКТОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗОРДУКТОО – күч колдонуу, коркутуу же жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу м-н анын эркине каршы жыныстык катнаш жасоо. З. аялдын жыныстык жактан эркиндигин одоно бузуп, денесине ж-а абийирине олуттуу залал келтирип, көп учурда анын ден соолугунун бузулушуна себепкер болгондугу ж-а кылмышкердин аракетинин зордукчул мүнөзү м-н коомдук коркунучтуу кылмыш катары эсептелет.