ЗОРОАСТРИЗМ
ЗОРОАСТРИ́ЗМ – 1) байыркы доордо, алгачкы о. кылымдарда О. Азия, Иран, Афганстан, Азербайжанда, Ж. ж-а О. Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө, соңку мезгилде Индиядагы перстер м-н Ирандагы гебрлер арасында таралган дин. Ал пайгамбар Зооастрдын (Иранда Заратуштра) ысмы б-ча аталып калган. 2) Б. з. ч. 7–6- к-дагы байыркы ирандыктардын «Авеста» аттуу ыйык китебинде жазылган пайгамбар Зороастранын (Заратуштра) окуусу. З-дин филос. окуусунун негизинде кош башаттуу дүйнө (дуализм), б. а. жакшылык м-н жаманчылык, жарыкчылык м-н караңгычылык сыяктуу ортосунда дайыма элдешпес күрөш жүрүп туруучу эки башталыштуу дүйнө жатат. З-дин негизги принциптери: Ахурамазда кудайдын бирдигине ишенүү; «түбөлүктүү эки башталманы» – жакшылык м-н жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесстин негизин түзөт деп эсептөө; акыры жакшылыктын жеңип чыгарына ишенүү.