ЗОР ПЛАНЕТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОР ПЛАНЕТАЛАР (gigant planets) – Күн сис­темасындагы радиусу Жер радиусунан чоң пла­неталар. Тыгыздыгы Жер тыгыздыгынан тө­мөн, өз огунун айланасында тез айланат. З. п. Күндөн өтө алыс болгондуктан, темп-расы өтө төмөн. Негизинен атм. мол-лык суутектен ту­рат. Алар тыгыздыгы аз ж-а суутек өтө көп бо­лушу м-н башка планеталардан айырмаланат. Алардын тыгыздыгы 700–1700 кг/м3 чегинде. З. п-га – Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун ки­рет. Алардын радиусу Жер радиусуна салыш­тырмалуу 11,18; 9,42; 3,84 ж-а 3,93кө, ал эми массасы Жер массасына салыштырмалуу 317,8; 95,1; 14,5 ж-а 17,2ге барабар.