ЗУБКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУБКО́В Дмитрий Петрович (1911-ж. т., Украи­на, Сумы обл., Лягин р-ну, Семейкин айылы) – агроном, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1976). Улуу Ата Мекен­дик согуштун катышуучусу (1941–45).

Москва обл-нун Балашиха ш-ндагы Бүткүл союздук а. ч. ин-тун бүткөн (1957). 1946-ж. Кант р-нун­дагы Фрунзе атн. кант ком­бинатынын башкы агро­ному. Ал 1947-ж. кант кы­зылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм алган. 1959- жылдан Кырг-н машина сы­ноо станциясынын директо­ру. 1963–67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 2 Ленин, 2 Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.