ЗУБР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗУ́БР (Bison bonasus) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Дене уз. 3,5 м, бийикт. 2 мге, салм. 1,2 т га жетет. Башы чоң, мүйүзү кыска. Маңдайында көкүлү, ээгинде сакалы, көкүрөгү м-н жонунда жалы бар.

Өңү күрөң. Жыныстык жактан 2–3 жашында жетилет, 1 эркеги, 2–6 ургаачысы чогуу жашайт,
9 ай көтөрүп, август – сентябрда 1 музоо тууйт.
Өсүмдүк м-н азыктанат. З-лар Европа токойлорунда көп болгон. Азыр жапайы түрүндө кездешпейт. 20-к-дын башында коруктарда гана сакталган. Аны көбөйтүүнүн натыйжасында сактап калууга мүмкүн болду. Таза кандуу З-дан башка аргындары өстүрүлгөн. Европанын бир
катар өлкөлөрүндө атайын өстүрүүчү жайларда, Беловежа чер токоюнда, корук ж. б. жайларда асыралат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.