ЗУЛПУКАРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУЛПУКАРОВ Капар (17.5. 1947-ж. т., Ош обл., Кара-Кулжа р-ну, Терек-Суу айылы) – тилчи, филология илимд. доктору (1996), проф. (2001). Ош мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1967). Мектеп мугалими (1967–68), ФПИнин Оштогу кечки ф-тинде окутуучу (1969), ФПИнин орус тили ка­федрасында окутуучу (1969–87), ОшМУда кафед­ра башчысы, декан, доцент (1987–94), ОшТУ-нун доценти (1994), 1997-жылдан ОшТУнун Өз­гөндөгү Технология ин-тунун директору. Ал жалпы тил илими, орус ж-а типол. тил илими, тилди окутуунун методикасы, кыргыз тили, логика ж-а педагогика б-ча окуу китептеринин автору.


Эмг.: Падежная грамматика: теория и прагматика.
Санкт-Петербург, 1994; Проблемы учебной фоноло­гии. Ош, 2000; Введение в русскую казусологию. Б., 2001.