ЗУЛПУКАРОВ Капар

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУЛПУКАРОВ Капар (17.5. 1947-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Терек-Суу айылы) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1996), профессор (2001). Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1967). Мектеп мугалими (1967–68), ФПИнин Оштогу кечки факультетинде окутуучу (1969), ФПИнин орус тили ка­федрасында окутуучу (1969–87), ОшМУда кафед­ра башчысы, декан, доцент (1987–94), ОшТУнун доценти (1994), 1997-жылдан ОшТУнун Өз­гөндөгү технология институтунун директору. Ал жалпы тил илими, орус ж-а типология тил илими, тилди окутуунун методикасы, кыргыз тили, логика ж-а педагогика боюн7ча окуу китептеринин автору.

Эмг.: Падежная грамматика: теория и прагматика. Санкт-Петербург, 1994; Проблемы учебной фоноло­гии. Ош, 2000; Введение в русскую казусологию. Б., 2001.