ЗУЛУ
ЗУ́ЛУ , з у л у с т а р, а м а з у л у – банту тобунда эл, ТАРдагы саны эң көп калк. Негизинен Квазулу-Натал провинциясында, Лесотодо, Зимбабведе жашашат. Жалпы саны 10,4 млн (2001). Зулу тилинде сүйлөйт. З-лардын көбү салттык диндерди карманат, христиандар (католиктер, протестанттар) христиан-африкалык Назарет баптист чиркөөсүнө, синкреттик диндерге ишенгендер да бар. 19-к-дын биринчи жарымында Пхонголо м-н Умзимкулу д-ларынын аралыгында Чака деген киши З-ларды бириктирип, күчтүү армия түзгөн. Бирок З-дын кээ бир уруулары Чакага баш ийбей Трансваал, Зимбабве, Мозамбик жерлерине ж-а Замбези м-н Умзимкулу д-ларынын ары жагындагы ай-
мактарга өтүп кетишкен. Англис-бур-зулу согушунда (1838–40) З-лар көп жерлеринен айрылып, Наталдын түндүгүндөгү жерлерди – Зулулендди гана ээлеп калышкан. Англис-зулу согушунда (1879) З-лар жеңилип, Зулуленд 1887-ж. британ колониясына айланган, 1897-ж. Натал колониянын курамына кирген. З-дын негизги кесиби – жарым көчмөн мал чарбачылык ж-а дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, бир бөлүгү европалыктардын ээлик жерлеринде, фермаларында батрактык кылат ж-а кендерде, ө. ж-да иштейт. Белине тери байламчаларды байлап, юбка, фартук кийишет, колдоруна, буттарына билерик тагынышат. Таанылган жоокерлер баштарына мом м-н чөптөн жасалган чамбар кийишкен. Кыштан салынган төрт бурчтуу, чатыры жалпак үйлөрдө жашашат. Эркектер көп аял алууга укуктуу ж-а ар бир аялы өзүнчө үйдө жашайт. Аял алганда калыңды мал м-н төлөшөт. Табиятка, арбактарга, өздөрүнүн кудайларына сыйынышат. Музыкалык аспаптары: шылдырактар, флейта, барабан ж. б. Ад-ты жакшы өнүккөн (Ж. Дубе, Р. Дхломо, Б. Вилакази, акын М. Кунене).
Ад.: Брайант А. Т. Зулусский народ до прихода европейцев. М., 1953.