ЗУЛЬФИЯ
ЗУЛЬФИЯ (толук аты-жөнү – Зульфия И ср а и л о в а; 14. 3. 1915, Ташкент – 1. 8. 1996, ошол эле жер) – өзбек акыны, коомдук ишмер, Өзбек ССР эл акыны (1965), Соц. Эмг. Баатыры (1984).

Ташкент пед. ин-тун бүтүргөн (1935). 1938–50-ж. респ. көркөм ад-т басмасында редактор, бөлүм башчы, 1950–52-ж. башкы редактор болуп иштеген. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнагы – «Өмүр барактары» (1932). «Кыздар ыры» (1939), «Аны Фархад деп аташчу» (1943), «Айрылуу күндөрүндө» (1944), «Менин Ата Мекеним», «Бизди күт», «Гүлдөр ачылганда» ж. б. атуулдук ырларды жазган. «Жүрөгүмө жакын кишилер» (1958), «Талыбас жүрөк» (1966) аттуу ыр жыйнактарында эл достугу, тынчтык ж-а эмгек даңазаланат. З. лирик, чебер пейзажист катары да белгилүү («Өрөөндүн тартуусу», 1966; «Менин жазым», 1967; «Шаркыратма», 1969). Ал Х. Алимжандын поэмасынын негизинде «Зейнаб менен Аман» операсына либретто жазган. Ж. Неру (1968), Хамза (1969) ж-а Нилуфар (1970) атн. сыйл. лауреаты. «Эстелик саптары», «Көк желе» ыр жыйнактары үчүн ага СССР мамл. сыйл. (1976) ыйгарылган. З-нын ырлары чет тилдерге, а. и. кыргыз тилине да которулган. Өзбекстанда ад-т, мад-т, иск-во жаатындагы жетишкендиктер үчүн З. атн. мамл. сыйл. белгиленген (2002). Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», «Кирилл жана Мефодий» (Болгария) ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.