ЗЫГЫР БУЛАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫГЫР БУЛАСЫ – зыгыр өсүмдүгүнөн алынган була. Кездеме токуу үчүн жип ийрүүдө тех. З. б. колдонулат. Ал пек желими м-н тыгыз бириктирилген бир нече жеке булачалардан турат, уз. 50–250 мм, жоондугу 100–300 мкм. З. б-нын хим. курамы: 80% целлюлоза, 8,4% пек желими, 5,2% лигнин, 2,7% мом м-н май, 2,1% азот м-н белок, 1,1% күл. З. б. зыгырдын сабагынан аны иштетүүчү ф-каларда сууга чылоо же мех. жол м-н бөлүп алынат. Узун З. б-нан кийимдик кездеме токулуучу ичке жиптер, кыска буладан одуракай кездеме токулуучу жоон жиптер ийрилет. З. б. пахтага караганда жылуулукту жакшы өткөрөт, нымды сырткы чөйрөдөн тез сиңирип алып, кайра тез кургайт.