ЗЫМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫМ – туурасынан кесилиши негизинен жумуру, айрым учурда чарчы, 6 кырдуу, сүйрү, үч бурчтуу, трапеция ж. у. с. узун металл (болот, алюминий, жез, никель, титан, цинк ж. б.) буюм. Биметалл ж-а полиметаллдардан да жасалат. З. атайын станокто кысуу (басым м-н) ж-а созуу жолу м-н жасалат. Болот, жез, алюминий, титан эритмелеринен – кысуу; таза алюминий, цинк, жез эритмелеринен куюу; биметалл ж-а полиметаллдардан ныгыруу жолу м-н алынат. З. түрмөк же чыбык түрүндө даярдалат. Диаметри 0,005 ммден 17 ммге чейин болот. Ал электр З-ын, З. аркан, тор, мык, шуруп, пружина ж. б. буюмдарды жасоодо, о. эле ар кандай продукцияларды байлап, таңуу үчүн колдонулат. Болот З. датка каршы зат м-н капталат.