ЗЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ – берилишти зым колдонбостон жиберүү ыкмасы. Анын 3 түрү бар: 1) курьер байланыштыргыч, ал радио ж-а жарыктын инфракызыл тобун колдонуп, бир имараттын ичиндеги түзүлмөлөр арасында берилишти жиберүүнү уюштурат. Натыйжада берилиш компьютерлер арасында кабелсиз жиберилет; 2) берилишти радиотолкундун жардамы м-н шаар, облус ж-а мамлекеттерге жиберүү; 3) телефон байланышынын соталык (уюлдук) системасы. Бул системада радиотолкун колдонулуп, кыймылдуу байланыштар жүзөгө ашырылат. Соталык байланыштагы телефон белгилүү геогр. аймакка катталып, жерг. антенна м-н байланыштыруучу радиотолкундун таасири м-н иштейт.