ЗЫНДАН (Ак-Суу районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫНДАН , Т о к т о г у л – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Ак-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу. Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1870 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 48 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 262 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1341 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.