ЗЫНДАН 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫНДАН – күнөөкөрдү жана туткунга түшкөндөрдү кармап туруу үчүн атайын жасалган жай. Ал көбүнчө терең ор же жертөлө түрүндө казылган. Ошол себептен зындан сыз жана караңгы болгон. Кылмышкер деп эсептелгендерди зынданга салып жазалоо айрыкча орто кылымда чыгыш мамлекеттеринде көп колдонулган, жазанын мындай түрү азыр да айрым өлкөлөрдө бар.