ЗЫЯН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫЯН – КРдин жарандык укугунда бир тараптын туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир тарапка келтирилген залал, чыгым. 1) Укугу бузулган тарап тарткан, кайрадан калыбына келтирилүүгө тийиш чыгым, о. эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу. 2) Милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше алынбай калса, З. катары бааланат. Жалпы эрежелер боюнча карыздакор кредиторго келтирген З-дын ордун толугу м-н толтурууга тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрү мыйзам б-ча анын жоопко тартылышы мүмкүн.
К. Эсенканов.