ИБАРРУРИ
ИБА́РРУРИ Долорес (9. 12. 1895, Бискайя провинциясы, Гальярта – 12.11.1989, Мадрид) – испан ж-а эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери. 1917-ж. Соморростро ш-ндагы соц. уюмга кирип, макалаларын Пасионария (Жалындуу) деген жашырын ысым м-н жарыялаган. Кийин Испания Компартиясынын (ИКП) мүчөсү, коммунисттик гезиттердин редактору болгон. ИКПнин Бискайя обкомунун, 1930- жылдан ИКП БКнын, 1932-жылдан Саясий бюросунун, 1960-жылдан Аткомунун мүчөсү ж-а ИКП БКнын секретары (1932–42). Коминтерндин аткомунун мүчөлүгүнө кандидат (1935). Алты жолу түрмөгө олтурган. 1936-ж. Кортеске (Испания Респ-нын Парламентине) депутат, 1937-ж. Кортестин вице-төрайымы. И. Испанияда чыккан фашисттик козголоңго, Италия-Германия интервенциясына каршы ж-а испан элинин Улуттук-рев-ячыл согушунда (1931–39) өзгөчө роль ойногон. 1939–77-ж. эмиграцияда болгон. 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) убагында диктатор Франконун фашисттик Германия тарабында согушка кирүү аракетине каршы эл аралык антифашисттик кыймылга катышкан. 1942–59-ж. (Х. Диас өлгөндөн кийин) ИКПнин Генералдык секретары, 1960-жылдан анын төрагасы. 1960-ж. «Испания Коммунисттик партиясынын тарыхын» түзүү б-ча ИКП БКнын комиссиясын башкарып (1960), бир нече эмгек жазган. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйл. ыйгарылган. (1964). ММУнун ардактуу доктору (1961). КПССтин 17-съездине делегат, 19–25-съезддеринде ИКПнин делегация башчысы. Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын эл аралык кеңеш-
мелеринин катышуучусу (1957, 1960, 1969, Москва). Ленин, Октябрь Революциясы ордендери ж-а СССРдин медалдары м-н сыйланган. Уулу Рубен Руис (18.1.1920–2.9.1942) – Сов. Союз. Баатыры, Сталинградды фашисттерден коргоодо курман болгон.
Ад.: Благоева С. Народный трибун Испании Долорес Ибарурри (Пасионария). М., 1937.