ИБН АЛ-АСИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог ж-а тарыхчы. Тигр д-нын жээгиндеги Жезират ибн-Омар ш-нда туулган. Арабиядан тышкары Сирия ж-а Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе­масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «ал- Камил фи-т-тарих« («Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм­гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мис., ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мис., 751-ж. июл­дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар И. а.-А-дин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка­раханиддердин тарыхы же алардын 940-ж. Ба­ласагун ш-н басып алышынан баштап, 13-к-га чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы­тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та­рыхы б-ча ж-а моңголдордун О. Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. И. а.-А-дин китеби бир нече жолу ба­сылып, О. Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1. Б., 2002.


Т. Жуманалиев.