ИБН АЛ-ФАКИХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН АЛ-ФАКИ́Х Абу Бекр Ахмед ибн Мухам­мед ибн Исхак ал-Хамадани – болжол м-н 9-к­дын аягы – 10-к-дын баш ченинде жашаган араб тарыхчысы, 902–03-ж. жазылган 5 томдук «Ки­таб ахбар ал-Булдан» («Чет өлкөлөр жөнүндө китеп») аттуу геогр. эмгектин автору. Хама­дан ш-нда туулган. И. а.-Ф-тин чыгармасын­да Иран, О. Азия ж-а түрктөргө караштуу жер­лердин, шаарлардын аны м-н кошо ислам өлкөлөрүнүн саясий түзүлүшү, элдеринин кесип­чилиги ж. б. ж-дө маалыматтар бар. Анда азыр­кы Кырг-нга караштуу жерлер да камтылып, калк жашаган кыштак-шаарлардын тизмеси м-н алардын аралыгы кошо берилген. Түрк уруу­ларынын аталышы м-н бирге эле кыргыздар да эскерилет. Ал эмгекти 1885-ж. М. де Гуе кыскача басып чыгарган.


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957.


Т. Жуманалиев.