ИБН СИНА
ИБН СИ́НА (латындашканы А в и ц е н н а), А б у А л и Х у с е й н и б н А б д а л л а х (980, Бухарага жакын Афшана кыш. – 18. 6. 1037, Хамадан) – О. Азия элдеринин энциклопедиячы илимпозу, философ, дарыгер, акын. Бухарада окуп, антикалык араб, фарсы, инди мад-тын, илим-билимин терең өздөштүргөн. 17 жашында илимпоз ж-а дарыгер катары таанылган. Философияда чыгыш аристотелизминин, неоплатонизмдин салттарын уланткан. Анын илим-билимдин бардык тармагы б-ча жазылган араб тилиндеги 400дөн ашуун, фарсы ти-

линдеги 20дай эмгегинин 160ка жакыны бизге жеткен. Негизги филос. эмгек тери:
«Шыпаа китеп», «Нускоолор жана насааттар китеби», «Билим китеби» ж. б. И. С-ны дарыгер катары дүйнөгө атын чыгарган эмгеги – «Медицина канону». «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгеги латынча 30дай жолу басылып чыккан. «Канондо» медицина теориясы, адамдын анатомиясынын негиздери, ар түрлүү оорулардын себептери ж-а белгилери, тамактануу эрежелери ж. б. ж-дө айтылат. И. С. суу ж-а аба аркылуу жугуучу көрүнбөгөн оору козгогучтар ж-дө гипотезаны Пастерден сегиз кылым мурда айткан. Анын

айрым мед. идеялары азыр да маанисин жогото элек. И. С-нын ысмы атактуу Гиппократ м-н Галендин катарында турат. И. С-нын филос. трактаттары логика, физика, математика илимдеринин, метафизиканын (философиянын), медицинанын проблемаларына арналган. И. С-нын эмгектери мазмуну жагынан универсалдуу, энциклопедиялуу мүнөзгө ээ. Ал акын катары да белгилүү. Анын араб ж-а фарсы тилиндеги ырлары рубаи формасында жазылып, афоризм касиетине ээ. И. С. араб-иран классикалык ад-тына, о. эле о. кылымдагы Европа ад-тына да таасир тийгизген.
Чыг.: Канон врачебной науки. 2-е изд. Таш., 1979–
1982. Кн. 1–5; Избранное. М., 1980; Избранные философские произведения. М., 1980.
Ад.: Сагадеев А. В. Ибн Сина (Авиценна). 2-е изд.
М., 1985.