ИБН ХАУКАЛ
ИБН ХАУКАЛ , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, ө. ж. б.) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да белгилүү. И. Х. ж-дө маалымат өтө аз. Кээ бир маалыматтар б-ча И. Х. Жогорку Месопотамиянын Насибин ш-нда туулган. Ал Азия, Африка, Европанын көп жерин кыдырган, бирок Мавераннахрда болгону так эмес. И. Х. өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») деп атаганы м-н, кээ бир бөлүмдөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпаты жөнүндө китеп») деген аталышты колдонгон. Бул китеп биринчи жолу 952–67-ж. аралыгында, экинчи жолу 977-ж. редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, О. Азия элдеринин тарыхыйгеогр., этногр. абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самаркан, Ушрусан, Исфижаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин борбору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кырг-н аймагындагы шаарлар, жолдор, жер байлыктары ж-дө маалыматтар бар. И. Х. өз эмгегинде О. Азия элдери тууралуу кабарларды башка авторлордун эмгегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал китептеги көп маалыматтар башка авторлордо жолукпайт. Мис., И. Х. б-ча хирхиздердин (кыргыз) жери түрк уруулары м-н, т. а. огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. И. Х-дын эмгеги алгач 1873-ж. француз, кийин 1938-ж. латын тилинде жарык көргөн.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.