ИБРАГИМОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАГИМОВ Эркин Кайбылдаевич (31. 7. 1927- ж. т., Ысык-Көл обл., Каракол ш.) – ветерина­рия илимд. доктору (1991), проф. (1992). КАЧИ-ни (1951), ошол эле ин-ттун аспирантурасын (1955) бүтүргөн. 1956-жылдан ошол эле ин-тта доцент, кафедра башчысы (1978–91), 1974–83-ж. проректор болуп иштеген. 1983-жылдан К. И. Скрябин атн. КАЧИде проф. 1995-жылдан мен­чик вет.-практикалык пунктун башчысы болуп иштеген. Уйдун тукумсуздугунун себептерин ж-а аларды алдын алууну изилдөө, койду жа­салма уруктандыруу б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монография, 2 ойлоп табуунун автору.


Эмг.: Уйлардын гинекологиялык дарттары. Б., 1993; Справочник ветеринарного врача (в соавторстве). Б., 1994; Ветеринария негиздери. Б., 1995.