ИБРАГИМОВ 1
ИБРАГИМОВ Галимжан Гирфанович [28.3.(19. 4). 1887, Уфа уезди, Стерлитамак губерниясы, Султанмурат кыш. – 21. 1. 1938, Казан] – татар жазуучусу, татар ад-тына негиз салгандардын бири, Соц. Эмг. Баатыры (1928). Оренбург медресесинде (1898–1905), Уфадагы «Галия» медресесинде (1906–09) окуган. Чыг-лыгы 1907-жылдан башталган. Анын 1910–12-ж. жазылган чыгармаларына субъективдүү романтизм мүнөздүү («Деңизде», 1911; «Сүйүү – бакыт», 1912). «Татар аялдарынын тагдыры» (1911), «Жаш жүрөктөр» (1912), «Табийгат перзенти» (1914) аттуу чыгармалары аркылуу таанылган. И-дун чыгармалары О. Азия элдеринин ад-тында реалисттик прозанын пайда болушуна ж-а өөрчүшүнө чоң таасир тийгизген. И. «Жаңы адамдар» пьесасынын, «Кызыл гүл» (1922) повестинин, «Биздин күндөр (1920), «Талаа кызы» (1924), «Терең тамырлар» (1928) романдарынын автору. «Адабият теориясы» (1916), «Татар орфографиясынын принциптери» (1924), «Эне тилин окутуунун методикасы» (1938) аттуу ил. ж-а «Татар студенттеринин козголоңу тарыхынан» (1922) деген тарыхый эмгектери бар. Анын прозалык чыгармалары дүйнөнүн көп тилине, а. и. кыргыз тилине да которулган. Туулган айылында үй-музейи ачылган.