ИБРАГИМОВ 2
ИБРАГИМОВ Мирза Ажар оглы [15(28). 10. 1911, Түш. Азербайжан, Эва айылы, азыр Иран – 17. 12. 1993, Баку)] – азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер, Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945), Азербайжан ССР эл жазуучусу (1961), Соц. Эмг. Баатыры (1981). Чыг-лыгы 1930-жылдардан башталган. Туңгуч драмалары – «Турмуш» (1935), «Мадрид» (1938), «Махаббет» (1942). «Түштүк аңгемелери» цикли м-н «Күткөн күн да келет» (1948) романында (СССР мамл. сыйл., 1951) Ирандагы улуттук-боштондук кыймылы чагылдырылган. «Улуу таяныч» (1957) романынын ж-а Н. Наримановдун өмүрү ж-а рев-ялык ишине арналган «Пэрванэ» эпопеясынын (1969– 70), «Кыштак кызы» (1962), «Жакшы адам» (1965) аттуу драмалык чыгармалардын, тил, ад-т б-ча сын ж-а публ. макалалардын автору. 1965-жылдан Азербайжан жазуучулар союзунун башкармасынын биринчи катчысы, СССР Жогорку Советинин (1–5, 7-шайланышынын) депутаты. Үч Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.