ИБРАГИМОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАГИМОВ Сүйүнбек (1. 05. 1940-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Миң-Булак айылы) – тилчи, филология илимд. доктору (2004). КМУ-нун филология ф-тин (1961), А. Жданов атн. Ленинград мамл. ун-тинин аспирантурасын машина менен которуу жана колдонмо лингвис­тика адистиги б-ча бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил. кызматкер (1964), Ош пед. ин-тунун филология ф-тинин де­каны (1965–88), Кыргыз кыз-келиндер пед. ин­тунда проректор, кийин филология ф-тинде де­кан, кафедра башчысы, проф. (1988–92), И. Ара­баев атн. КМПУнун Мамл. тил ж-а мад-т ин­тунда кафедра башчысы (2002–04), Кыргыз юрид. академиясынын Жогорку коллежинде директор (2003–04), КМУда (2005–06), 2007-жылдан КРСУ- да проф. Кыргыз тилинин синтаксиси, орус, немис, англис тилдеринин салыштырма типо­логиясы, жалпы тил илими, тил ж-а мад-ттын байланыш маселелерине арналган көптөгөн ил. эмгектери ж-а макалалары бар. Изилдөө иштеринде матем. ыкмаларды колдонгон. «Эм­гектеги каармандыгы үчүн» медалы м-н сый­ланган.


Эмг.: Тил илиминин негиздери. Б., 2000; Кыргыз тилинин синтаксиси (изилдениш тарыхынан). Б., 2001; Лингвокультурология – тилдик маданият таа­нуу. Теориясы жана тарыхы. Б., 2004; Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн орусча-кыргызча сөз­дүгү. Б., 2008.