ИБРАЕВ
ИБРАЕВ Эсенгул (16. 3. 1934, Нарын обл., Нарын р-ну, Чет-Нура айылы – 5.7. 2005, Бишкек) – Кыргыз эл акыны (2003). КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1994), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. Лауреаты (2007).

Нарын пед. окуу жайын (1952), КМУнун журналистика ф-тин (1961) бүтүргөн. 1961–87-ж. «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөл үм башчы, жоопту у секретарь, башкы редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеген. Ырлары ж-а сатиралары 1952- жылдан жарыялана баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-ж. жарык көргөн. «Таң шоокуму» (1970), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. 20дан ашык китеби чыккан. «Таң шоокуму», «Ичиң күйсө» ж. б. сатиралык ыр жыйнактарында кызмат абалынан кыянаттык м-н пайдаланган мансапкорлорду, жегичтерди, эки жүздүү кошоматчыларды сынга алган, тамсилдеринде образ түзүү үчүн каймана ыкманы чебер пайдаланган. «Эсенгулдун ырлары» жыйнагындагы «Керкашка менен Суркашка» тамсилинде шайлоо темасына кайрылган. И. балдар ад-тында да жемиштүү эмгектенип, бир нече китеби жарык көргөн. И-дин поэзиясы тилинин жатыктыгы, ыргактуулугу, ойдун тереңдиги м-н айырмаланат. Ал А. Фет, В. Маяковский, Р. Гамзатов, К. Кулиев, Е. Винокуров ж. б.
акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Анын айрым чыгармалары немис, поляк, орус, украин, казак, өзбек, түркмөн тилдерине которулган. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин (Женева) алтын медалы м-н сыйланган (2006). Нарын ш-ндагы мектепке ысмы берилген.