ИБРАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАЕВ Анарбек (4. 4. 1951-ж. т.‚ Ысык-Көл обл.‚ Ак-Суу р-ну‚ Тепке айылы) – ырчы, КРдин эл арт. (1999). Кыргыз мамл. филармония­сынын алдындагы эки жыл­дык студияны (1969)‚ Б. Бей­шеналиева атн. КМИИни (1979) бүтүргөн. Чыг-лыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров

жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблин­де‚ 1981-жылдан К. Орозов атн. Кыргыз эл ас­паптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малды­баев атн. Кыргыз мамл. опера ж-а балет теат­рында (1992-жылдан) солист. М. Рыскулбеков («Эжелерим‚ агайым»)‚ C. Жумалиев («Таң сы­ры»‚ «Үзүлбөгөн үмүттөр»‚ «Cары-Челек»)‚ Ж. Ше­ралиев («Кыргыз жайлоосу»‚ «Эстей берем»)‚


А. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» операсында А. Иб­раев – канзаада Тамино. 1998.

А. Керимбаев («Көл баяны»)‚ C. Бактыгулов («Ырымды сага арнаймын»)‚ Ш. Дүйшөналиев («Кумаркөз») ж. б. обончулардын ырларын че­бер аткарат. Операда ырдаган партиялары: Сыр­гак, Күлчоро, (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Айчүрөк»), Болот (Ж. Каниметов, «Ак Мөөр»), Ленский (П. Чайковский, «Евгений Оне­гин»), Альмавива (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), канзаада Тамино (А. Моцарт, «Сый­кырдуу чоор») ж. б. Италия‚ Франция‚ Тунис‚ Румыния‚ Түркия ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.