ИБРАЕВ 2
ИБРАЕВ Бообек (19. 3. 1935, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чоң-Кызыл-Суу айылы – 6. 7. 2000, Бишкек) – режиссёр, КРдин эл арт. (1995).

Ташкенттеги А. Островский атн. театр ж-а көркөм өнөр ин-тунун режиссёрлук ф-тин бүтүргөн (1961). Жалал-Абад обл. кыргыз драма театрында (1961–62), Тянь-Шань обл. му з. драма т еат рында (1963–71), Кыргыз мамл. драма театрында (1971–81), Оштогу өзбек муз. драма театрында (1981–82), Ысык- Көл кыргыз драма театрында (1982–87), 1987-жылдан Кыргыз мамл. акад. драма театрында иштеген. И. режиссёр катары театр сахнасында К. Жантөшевдин «Курманбек», Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым», «Жамийла», Б. Жакиевдин «Алтын аяк», «Миң кыял», «Күттүргөн жаз да келер», Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», М. Ка-

римдин «Ай тутулган түндө», Ж. Садыковдун «Айкөл Манас», «Сейтек», «Манастын уулу Семетей», Т. Касымбеков, К. Сактановдун «Курманжан датка» ж. б. көптөгөн чыгармаларды койгон. Б. Брехттин «Өлөрман эне жана анын балдары» драмасын биринчилерден болуп кыргызча сахналаштырган. Медалдар м-н сыйланган.