ИБРАИМОВ
ИБРАИМОВ Султан [20. 9.1927, Чүй р-ну, Алчалы (азыркы Ибраимов) айылы – 4. 11. 1980, Чолпон-Ата ш., сөөгү Бишкекке коюлган] – мамл. ж-а парт. ишмер.

Фрунзе гидромелиорация окуу жайын (1949), Ташкент а. ч. ирригация ж-а механикалаштыруу инженерлер ин-тун (1955) бүткөн. Чүй р-ндук сугат системасы башкармасында гидротехник, Кыргыз ССР ИА-нын суу чарба ин-тунда кенже ил. кызматкер (1955– 57), Кырг-н КП БКнын инструктору (1957–59), Кырг-н КП БК Аламүдүн райкомунун 2-секретары (1959–61), Кыргыз ССР суу чарба ж-а мелиорация министри (1961–66), Кырг-н КП БКда секретарь (1966–68), Кырг-н КП БК Ош обкомунун 1-секретары (1968–78), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген (1978–80). СССР Жогорку Советинин (8– 10-чакырылышынын) депутаты. СССРдин, а. и. Кырг-ндын жалпы экономикасын өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган. Бишкек ш-нын борб. көчөсүнүн бирине ысмы берилип, Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн аллеясына эстелиги орнотулган (1998).
Ад.: Шарипова С. Белые лебеди в чёрный день. Б., 1996.