ИБРАИМОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Абыт [1. 1. 1948-ж. т., Ош обл., Совет (азыркы Кара-Кулжа) р-ну, Алайкуу айы­лы] – биология илимд. доктору (1985), КР УИА-нын корр. мүчөсү (1993), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери. КММИни (1970), СССР МИАнын Генетика ин-тунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Кыргыз кар­диология ИИИде (1996-жыл­дан М. М. Миррахимов атн. УКТБ) ассистент, лабор. башчысы. Адам генетикасы б-ча адис. 80ден ашык ил. эмгектин, а. и. 2 моногра­фиясы, 4 ойлоп табуусу бар. Көптөгөн эл аралык ил. коом­дордун мүчөсү.

КРдин Жогорку Кеңешинин «ле­гендарлуу» парламентинин (1989–94) ж-а ки­йинки чакырылышынын (1995–2000) депутаты.


Эмг.: Кыргызы и их генефонд. Б., 1992.