ИБРАИМОВ 2
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИБРАИМОВ Анатай (3. 2. 1948, Талас обл., Киров (азыркы Манас) р-ну, Чет-Дөбө айылы – 25. 2. 1989, ошол эле жер) – спортчу, жеңил атлетика б-ча Кыргыз ССРинин 15 жолку чемпиону, СССР спортунун чебери (1969). КМДТИ-ни бүтүргөн (1972). Талас обл, спорт к-тинин төрагасынын орун басары (1983), Токтогул ж-а Манас р-ндорунун (1986) спорт к-ттеринин төрагасы болуп иштеген. И. негизинен 1500, 3000, 5000 м аралыктарга чуркоого катышкан. Индиядагы эл аралык мелдеште алтын медалга (1973), СССР элдеринин спартакиадасында 5000 м аралыкка чуркоодо коло медалга (1979) ээ болгон.