ИБРАИМОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Жумабек (1.1.1944, Чүй обл., Ке­мин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 4.4.1999, Биш­кек) – коомдук, мамл. ишмер. 1972-ж. ФПИни бүтүргөн.

1972–76-ж. ошол эле ин-тта ассистент, окутуучу, 1976–77-ж. Москва ш-ндагы станок куруу ин-тунда стажёр, Фрунзе атн. а. ч. маши­наларын куруу з-дунда инженер-технолог, тех. бюронун начальниги, 1977– 85-ж. Миң-Куш «Оргтехни­ка» з-дунун Рыбачьедеги фи­лиалында инженер-конст­руктор, башкы конструк­тор, башкы инженер, ди­ректор, 1985–88-ж. Рыбачье шаардык элдик контроль к-тинин төрагасы, Кырг-н КП Рыбачье шааркомунун 1-секретары, 1988–92-ж. Кырг-н КП БКда парт.-уюштуруу иштери б-ча бөлүм башчынын биринчи орун басары, партия­нын Чүй обкомунун 2-секретары, 1992–93-ж. «Жанар» АКтын башкы директору, 1993–95-ж. Бишкек шаардык мамл. администрация баш­чысы, 1995–96-ж. КРдин Мамкатчысы, 1996– 97-ж. КРдин Президентинин кеңешчиси, 1997– 98-ж. КР Мамл. мүлк фондусунун төрагасы – КР министри, 1998–99-ж. КРдин Премьер-ми­нистри болуп иштеген. СССР Жогорку Совети­нин (1990), КРдин Жогорку Кеңешинин (1990– 99) 2 жолку депутаты. Бишкек ш-нын Эркин­дик бульварына эстелиги орнотулуп, бир кө­чөсүнө ысмы берилген.