ИБРАИМОВ 4
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИБРАИМОВ Искендер (15. 1. 1932-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Кара-Ой айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1970), проф. (1972). 1952-ж. КМУну бүтүргөн. 1957–61-ж. Пржевальск пед. ин-тунун доценти, марксизм-ленинизм кафедрасынын башчысы, 1961–65-ж. Кырг-н КП БКга караштуу Партия тарыхы ин-тунун улук ил. кызматкери, 1965–79-ж. В. В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунда тарых кафедрасынын башчысы, 1979-жылдан Мамл. тил ж-а гуманитардык илимдер ин-тунда кафедра башчысы, декан, проректор, 1993-жылдан Кыргыз тоо-кен ж-а металлургия ин-тунда кафедра башчысы. Кырг-ндын парт. уюмунун тарыхына арналган 100дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.