ИБСЕН
И́БСЕН Генрик (20. 3. 1828, Норвегия, Шиен –
23. 5. 1906, Кристиания) – норвег драматургу.
Чыг-лыгын 1844-ж. ыр жазуудан баштаган. Алгачкы драмасы – «Катилина» (1950). Берген
ш-нда туңгуч элдик театрды (1852–57), Кристианиядагы норвег театрын (1857–
62) жетектеген. Анын ошол кездеги жазган ж-а сахнага кою лган пьес аларынын ичинен «Эстроттон чыккан Фру Ингер» (1855–57) тарыхый драмасы м-н «Сульхаугедеги той« (1856) драмасы өзгөчө мааниге ээ.

1864– 91-ж. Италияда, Германияда жашап, бурж. турмушту ашкерелеген пьесаларды жазган: «Сүйүү комедиясы» (1862), «Так талашуу» (1864), «Бранд» (1866), «Пер Гюнт» (1867). «Чөйрөнүн төбөлдөрү» (1877), «Куурчак үй» (1879), «Арбактар» (1881), «Эл душманы» (1882), «Жапайы өрдөк» (1884), «Гедда Габлер» (1890), «Сольнес куруучу» (1892) ж. б. И-дин драматургиясы – 19-кдын 70–80-жылдарындагы Батыш Европа ад-тынын туу чокуларынын бири. Анын чыг-лыгы дүйнөлүк драматургияга ж-а театрга зор таасир тийгизген.
Ад.: Судья и строитель. Писатели России и Запада о Г. Ибсене. М., 2004.