ИВАНИЦЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАНИ́ЦЫН Алексей Илларионович (1870, Одес­са – 5. 1. 1925, Ташкент) – Кырг-нда, а. и. Пиш­пекте туңгуч большевиктер уюмун түзүү ж-а Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн.

А. И. Иваницындын эстелиги. Бишкек ш.

1916-ж. Пишпекке келип, большевик­тер м-н байланыш түзгөн. 1917-ж. ок­тябрда өзү эмгек­тенген Чүй сугат тармагынын ку­рулушунда боль­шевиктердин жа­шыруун тобун уюштурган. Ал топ 1917-жылдын аягында Пиш­пек большевиктерине кошулган. 1918-ж. фев­ралда Пишпекте Совет бийлиги орнотулуп, ап­релде РКП(б)нин Пишпек уезддик-шаардык к­ти түзүлүп, анын 1-секретары болуп шайланган. Ысмы Бишкек ш-нын бир көчөсүнө ыйгарылып, эстелиги тургузулган.