ИВАНОВКА КАРАПАЛЫК ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАНОВКА КАРАПАЛЫК ЧОПО КЕНИ – Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Ивановка кыштагынан 5 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 742–753 м бийик­тикте жайгашкан. 1987-жылы чалгындалган. Кен аймагы антропогендин аллювий, пролювий жана биогендик катмарларынан түзүлгөн. Катмар­дын калыңдыгы 0,1–1,6 м. Чопо кызыл түстө, илешчээк. Чопонун көркөм жана карапалык буюмдарды жасоого жарамдуулугу аныкталган. Бекитилген запасы: В – 7 миң т, С1 – 3 миң тонна.