ИВАНОВО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВА́НОВО (1932-ж. чейин Иваново-Вознесенск) – Россиядагы шаар (1871-жылдан). Иванов обл-нун адм. борбору. Уводь д-нын боюнда, Москва ш-нан 318 км түн.-чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 409,0 миң (2007). Т. ж. бекети. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль ө. ж-нын (кебез-кездеме, нооту-меланж, камвол ж. б. комбинаттар) ири борбору. Машина куруу, жыгаччылык, хим., тамак-аш ө. ж. ишканалары, кондитер комбинаты, парашют з-ду иштейт. Пиво кайнатылат. Жети ЖОЖ (а. и. 2 ун-т), 3 театр, 4 музей [а. и. Иваново чыттары (кездеме)], А. С. Бубновдун ж. б-дын үй-музейи, Революция (1905–07) мемориал комплекси бар. Алгач 1561-жылдан эскерилет. 1871-ж. Иваново м-н Вознесенский Пасад кышнын биригишинен пайда болгон.