ИВАНОВ Владимир Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВ Владимир Иванович (14. 9. 1904, Уд­мурт АССРи – 1991, Фрунзе) – химик-органик, техника илимдеринин доктору (1944), профессор (1945). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960).

Бауман атындагы МТЖОЖдун химия факультетин бүтүргөн (1931). СССР ИАда жетекчи кызматтар­да (1939–60), Кыргыз ССР ИА ОХИнин директору (1960–75), кийин лаборатория баш­чысы болуп иштеген. Негиз­ги илимий изилдөөлөрү целлю­лозага арналган. Ал респ­убликанын табигый байлыктарын эл чарбасында колдонуу мак­сатында Кыргызстандагы өсүм­дүктөрдөн баалуу углеводороддорду алуу ишин жетектеген. 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы, 40 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974), Эм­гек Кызыл Туу, Элдердин достугу, «Ардак бел­гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Развитие и успехи вискозиметрического метода определения молекулярных весов высокомолекуляр­ных соединений (в соавторстве). М.; Л., 1949; Моле­кулы-гиганты. М., 1951; О молекулярном весе целлюлозы (в соавторстве). Ф., 1962.