ИВАНОВ 1
ИВА́НОВ Владимир Иванович (14. 9. 1904, Удмурт АССРи – 1991, Фрунзе) – химик-органик, техника илимд. доктору (1944), проф. (1945). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960).

Бауман атн. МТЖОЖдун химия ф-тин бүтүргөн (1931). СССР ИАда жетекчи кызматтарда (1939–60), Кыргыз ССР И А О ХИ ни н ди рек т ору (1960–75), кийин лабор. башчысы болуп иштеген. Негизги ил. изилдөөлөрү целлюлозага арналган. Ал респнын табигый байлыктарын эл чарбасында колдонуу максатында Кырг-ндагы өсүмдүктөрдөн баалуу углеводороддорду алуу ишин жетектеген. 200дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 5 монографиясы, 40 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1974), Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, «Ардак белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие и успехи вискозиметрического метода определения молекулярных весов высокомолекулярных соединений (в соавторстве). М.; Л., 1949; Молекулы-гиганты. М., 1951; О молекулярном весе целлюлозы (в соавторстве). Ф., 1962.