ИВАНО-ФРАНКОВСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВА́НО-ФРАНКО́ВСК (1962-ж. чейин С т а н ис л а в) – Украинанын батышындагы шаар. Иван Франко обл-нун адм. борбору. Украина Карпатынын тоо этегинде жайгашкан. Калкы 217,6 миң (2007). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 17-к-дын 2-жарымында негизделген. 1919–39-ж. Польшанын, 1939-жылдан Украинанын курамында. Машина куруу ж-а металл иштетүү өнүккөн. Мини-трактор, а. ч. шаймандарынын жабдуулары чыгарылат. Хим., жыгаччылык, жеңил, тамак-аш ө. ж. иштейт. Архралык эстеликтерге бай. Ун-ттер, китепкана, музейлер, театрлар бар. 1962-ж. украин жазуучусу И. Я. Франконун урматына аталган.