ИВАН IV ВАСИЛЬЕВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́Н IV ВАСИ́ЛЬЕВИЧ , Г р о з н ы й (25. 8. 1530, Коломенский кыш. – 18. 3. 1584, Моск­ва) – 1533-жылдан улуу князь, 1547-жылдан би­ринчи орус падышасы. Василий III Иванович­тин уулу . Мамл. ишмердиги Тандал­ган рада түзүлгөн­дөн (1549) баштал­ган.

И. IVнүн өкмө­тү жеке бийликти бекемдеп, мамле­кетт ин борбордо­шуусун күчөтүүгө умтулган. 1549– 60-ж. же рг. ж-а борб. башкарууда, укук, аскер иште­ринде реформа жүр­гүзгөн. 1547–52-ж­дагы жор ту ул да­рында Казан хандыгын, 1556-ж. Астрахань хан­дыгын караткан. Ага Сибирь ханы Едигер (1555) ж-а Чоң Ногой ордосу (1557) баш ийген. Тандал­ган рада кыйрагандан (1560) кийин, И. IV жеке бийликти бекемдөөнү жалгыз өзү жүргүзгөн. Ал тышкы саясатында мамлекеттин чыгыш чек ара­сын кеңейтүүнү, батыш жагынан Балтика боюн кошуп алууну көздөгөн. Ички саясатында жеке бийликтин күчөшүнө каршы болгондор м-н аёо­суз күрөшкөн. И. IV феодалдык бытырандылык­тын калдыгына каршы күрөшүп, ички саясий душмандарын жоюу максатында 1565-ж. Оп­ричнинаны түзгөн. Эл аны «Грозный« («Каар­дуу») деп атаган. И. IV өз мезгилинин билимдүү


адамы болгон. Китеп басууну уюштурууда чоң роль ойногон ж-а бир катар арх-ралык эстелик­терди салдырган.