ИВАШКЕВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАШКЕ́ВИЧ Тимофей Фёдорович [1908, азыр­кы Украина, Черкассы обл., Катерпольск р-ну, Пальчик айылы – 1977, Чүй обл., Калинин (азыркы Жайыл) р-ну] – колхоз өндүрүшүнүн ишмери. Соц. Эмг. Баатыры (1957). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) катышуучусу.

323 га жердеги кант кызыл­часынын ар гектарынан 499,5 цден түшүм жыйнап алган. 1963–67-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети­нин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.