ИГЕМБЕРДИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИГЕМБЕРДИЕВ (туурасы – Эгембердиев) Самый­бек Абазович (1. 11. 1923-ж. т., Нарын обл., Жум­гал р-ну, Сары-Камыш кыш.) – геолог, Кыргыз ССР

(1972) ж-а СССР (1976) мамл. сыйл. лауре­аты. Москва геол. чалгын­доо ин-тун бүткөн (1952).

Улуу Ата Мекендик согуш­ка катышкан (1942–45). 1952–55-ж. Кадамжай, Те­рек кен казуу ишканала­рында участкалык геолог, улук геолог, 1952–59-ж. Ка­менский экспедициясында геол. партиянын начальни­ги, 1959–75-ж. Кыргыз геол. башкармалыгынын башкы инженери, начальниги, 1975–89-ж. Кырг-ндын геол. түзүлүшүн изилдөө, кен байлыктарын издөө, чалгындоо жумуштарын уюштурууга көп жыл жетекчилик кылган, айрыкча сымаптын ири кенин, о. эле калай, алтын кендерин ачуу­га ж-а чалгындоого зор эмгек сиңирген. Кыр­гыз ССР геол. кызматына эмг. сиң. кызматкер (1973). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3 жол­ку) депутаты (1975–90). Эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.