ИГНАТЬЕВ
ИГНА́ТЬЕВ Александр Илларионович (23. 4. 1906, азыркы РФ, Белгород обл., Валуйки ш. –

12. 3. 1998, Бишкек) – сүрөтчү-живописчи, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1966). 1934-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1930-ж. Воронеж пед. техникумун бүткөндөн кийин Фрунзедеги пед. техникумда сабак берген (1930–33). Кыргыз драма театрында сүрөтчү (1933–34) болуп иштеген. Кырг-н сүрөтчүлөр союзун ж-а биринчи респ. сүрөт көргөзмөсүн (1934) уюштурууга катышкан. Негизги сүрөттөрү: «Айлуу кеч» (1942), «Орто-Токойдогу кеч» (1954), «Тянь-Шань тоолорундагы жаз» (1955), «Жылкычылар» ж. б. Портрет (М. Күрөңкөевдин, Ч. Жаманованын ж. б.) да тарт-

кан. «Токтогул ГЭСинин оозунда» (1970), «Аскачылар» (1971), «Нарын көпүрөлөрү» (1972) сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. алган (1974). И. кыргыз живописине, асыресе тематикалык картинанын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. И-дин чыгармалары Третьяков галереясында, Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, башка көргөзмө жайларда сакталууда. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.