ИГУАСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИГУАСУ́ – Түш. Америкадагы шаркыратма. Игуасу д-нын Паранага куйган чатынан 26 км жогору, Аргентина м-н Бразилиянын чек ара­сында жайгашкан. Базальттуу эки тепкичтен капчыгайга салааланып куюлуп түшөт. Салаа­лардын саны 275, аларды аскалуу аралдар бө­лүп турат. Жалпы бийикт. 72 м, жазылыгы

Игуасу шаркыратмасы.

2,7 км, жаанчыл сезондо 4 кмге чейин жетет (дүйнөдөгү эң жазы шаркыратмалардын бири). Суусунун жылдык орт. чыгымы 1200 м3/сек.