ИДЕАЛДАШТЫРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИДЕАЛДАШТЫРУУ – ил. таанып-билүүнүн бир жолу, түрү; так-таасын аныктала элек же иш жүзүндө али мүмкүн эмес нерсе ж-дө кыял-ойдун аркасы м-н түшүнүк кураштырып, ошонун жардамы аркылуу чындыктын көмүскө касиетсапаттарын ачуу. И. биринчиден, чындыкка, экинчиден, кыялдын ой логикасына таянат да, атоодо колдонулат.