ИДЕАЛДЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕАЛДЫК ф и л о с о ф и я д а – аң-сезим­дин, ой-санаанын, жан дүйнөнүн болуу-жашоо жолун, ыгын мүнөздөгөн филос. түшүнүк. Тыш­кы дүйнө (табият, буюм-терим ж. б.) материал­дык мүнөзгө ээ, ал эми аны аңдап-билүү, сезүү­туюу, талдап-баалоо И. мейкинде жүзөгө ашат. И . ку бу лу штардын жаралышынын, өс үп­өнүгүшүнүн, өзгөрүшүнүн, кызмат кылышынын өзүнө тиешелүү (материалдык дүйнөнүкүнөн айырмаланган) мыйзам ченемдери, сын-сыпаты, касиет-сапаты бар. И. «аң-сезим дүйнөсү», «ой­кыял мейкини» өңдүү түшүнүктөргө маанилеш.