ИДЕАЛ (адабиятта)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕА́Л (фр. ideal, гр. idta – ой, түшүнүк) – а д а­ б и я т т а бийик максат жөнүндөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген эстетикалык сапат; коом­дук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм адабияттагы идеал коомдук тарыхый кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп турат. Мисалы, «Манас» эпосундагы элдик идеал эр­дикке, баатырлыкка байланышат да, Манас ошол идеалдын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай м-н Кишимжан сүйүүнүн, сүйүүдөгү эркиндиктин идеалы деп саналат. Көркөм чыгармачылык­тын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея же ай­рым каармандар эл күткөн идеалдын алып жүрүүчү­сүнө айланып калат. Мисалы, «Болот кантип кур­чуду» романындагы Павел Корчагиндин, «Би­ринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн образы – май­тарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын үлгүсү, башкача айтканда идеал болуп саналат. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн идеалын талап кылат, ал мезгилдин талабына ылайык түзүлөт, убакыттын өтүшү м-н өркүндөйт, же кандайдыр бир таасирлер­ден улам кыйроого учурайт.