ИДЕАЛ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕА́Л (фр. ideal, гр. idta – ой, түшүнүк) – а д а­б и я т т а бийик максат ж-дөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген эстетикалык сапат; коом­дук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм ад-ттагы И. коомдук тарыхый кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп


турат. Мис., «Манас» эпосундагы элдик И. эр­дикке, баатырлыкка байланышат да, Манас ошол И-дын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай м-н Кишимжан сүйүүнүн, сүйүүдөгү эркиндиктин И-ы деп саналат. Көркөм чыг-лык­тын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея же ай­рым каармандар эл күткөн И-дын алып жүрүүчү­сүнө айланып калат. Мис., «Болот кантип кур­чуду» романындагы Павел Корчагиндин, «Би­ринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн образы – май­тарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын үлгүсү, б. а. И. болуп саналат. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн И-ын талап кылат, ал мезгилдин талабына ылайык түзүлөт, убакыттын өтүшү м-н өркүндөйт, же кандайдыр бир таасирлер­ден улам кыйроого учурайт.